Ош шаарында Кыргыз Республикасынын дзюдо боюнча эркектер жана кыз-келиндер арасындагы чемпионаты өтөт
Кыргыз Республикасынын Дзюдо федерациясы 2026-жылкы улуттук курама команданы түзүү максатында Кыргыз Республикасынын дзюдо боюнча эркектер жана кыз-келиндер арасындагы чемпионатты өткөрөт.
Чемпионат 2026-жылдын 23–25-январь күндөрү Ош шаарындагы «Газпром» ден-соолукту чыңдоо спорт комплексинде өтөт.
Дареги: Ош шаары, Бекбалаев көчөсү 63/1
Бул мелдештин негизги максаты – 2026-жылы Кыргыз Республикасын эл аралык мелдештерде көрсөтө турган курама команданын курамын аныктоо жана тандоо, дзюдо спортун өлкө боюнча өнүктүрүү, жаштардын спортко болгон кызыгуусун арттыруу жана дене-тарбия менен спортко кеңири тартуу болуп саналат.
Салмак категориялары
Кыз-келиндер: -48 кг, -57 кг, -70 кг, +78 кг
Эркектер: -60 кг, -73 кг, -90 кг
2-күнкү катышуучулар үчүн кошумча категориялар:
Кыз-келиндер: -52 кг, -63 кг, -78 кг;
Эркектер: -66 кг, -81 кг, -100 кг, +100 кг
Мелдештин программасы
23-январь (жума):
09:00–10:00 — Катышуучулардын документтерин кабыл алуу
13:30–14:00 — Мандаттык комиссия
14:00–16:00 — Расмий таразадан өтүү (1-күндүн катышуучулары үчүн)
18:00–18:30 — Жеребе (компьютер аркылуу)
24-январь (ишемби):
09:30–10:00 — Калыстар жана командалар өкүлдөрүнүн жыйыны, спортчулардын жылынуусу
10:00–15:00 — 1-күндүн мелдештери
15:00–15:30 — Чемпионаттын салтанаттуу ачылышы
15:30дан кийин — Чейрек финал, жарым финал жана финалдык беттештер, жеңүүчүлөрдү сыйлоо
17:00–19:30 — 2-күндүн катышуучулары үчүн расмий тараза
25-январь (жекшемби):
09:00–09:30 — Калыстар жыйыны, спортчулардын жылынуусу
10:00 — 2-күндүн беттештери
Финалдар жана 2-күндүн жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи
Кимдер катыша алат?
Чемпионатка 16 жаштан жогору спортчулар катыша алат. Ар бир спортчу медициналык справкасы жана машыктыруучусунун колу коюлган арыз менен катталууга тийиш.
Команда курамында:
1 машыктыруучу
1 калыс
1 команда өкүлү болушу милдеттүү.
Каттоо
Катышуу үчүн билдирмелерди 2026-жылдын 10-январына чейин төмөнкү даректерге жөнөтүү зарыл:
rsrd-judo@mail.ru
WhatsApp: +996 702 13 48 68
Белгиленген мөөнөттөн кеч тапшырылган командалар чемпионатка катышууга жол берилбейт.
Сыйлоо жана форма
Жеңүүчүлөр дипломдор жана медалдар менен сыйланат.
Сыйлоо аземине чыгууда спортчулар ак кимоно кийиши милдеттүү.
Катышуу акысы
Чемпионатка катышуу үчүн ар бир спортчу 500 сом төлөйт.
