Publication Date:
30 октября 2025
Эрлан Кадырбаев Бахрейнден Азия жаштар оюндарында күмүш жеңип алды
Бахрейн, 2025-жылдын 30-октябры.
Кыргызстандык дзюдочу Эрлан Кадырбаев 3-Азия жаштар оюндарында 81 кг чейинки салмак категориясында күмүш медаль жеңип алды.
Финалга жеткенче Эрлан Индия жана Иран өкүлдөрүнөн ишенимдүү жеңиштерге жетишип, мыкты техникасы менен тактикалык артыкчылыгын көрсөттү. Чечүүчү кармашта ал Өзбекстандан келген атаандашы менен беттешти жана татыктуу экинчи орунду алды.
Экинчи күндүн жыйынтыктары:
🥈 Эрлан Кадырбаев — 2-орун (81 кг чейин)
Сумая Акматова — 5-орун (+70 кг)
Шамиль Мамедов — 5-орун (+90 кг)
Кайсар Саржанов — 7-орун (73 кг чейин)
Кыргыз курама командасы жогорку даярдык деңгээлин жана спорттук духун көрсөтүп, Бахрейнде ишенимдүү өнөрүн улантууда.
