Каттоо жана төлөө
15.1. КР УДФ мүчөлөрү КР УДФ Кызматкерлердин Уюшмасы (КУ) тарабынан бекитилген «Мүчөлөрдүн кириш жана жылдык мүчөлүк акылары жөнүндө» Положениеге ылайык, КР УДФ Финансылык директоруна кириш жана жылдык мүчөлүк акыларын төлөшү керек. Жылдык мүчөлүк акы жыл сайын 31-мартка чейин төлөнүшү керек.
15.2. Жылдык мүчөлүк акысын жыл сайын 31-мартка чейин төлөбөгөн мүчөлөр автоматтык түрдө карызкорлор тизмесине киргизилет жана алар акыны толугу менен төлөмөйүнчө КР УДФ ишмердүүлүгүнө катышууга жол берилбейт. Эгерде кийинки жыл ичинде да жылдык акы төлөнбөсө, мүчө КР УДФ мүчөлүгүнөн чыгарылышы мүмкүн.
15.3. Конференция өткөрүлгөн учурда жылдык мүчөлүк акысы боюнча карызы бар мүчөлөр Конференцияга катышууга уруксат берилбейт.
15.4. Кириш жана жылдык мүчөлүк акыларынын суммасы КР УДФ Кызматкерлердин Уюшмасы (КУ) тарабынан белгиленет.
15.5. КР УДФ мүчөлөрү Уюшманын пайдасына каалаган мүлкүн, имаратын же курулушун кайрымдуулук катары беришкенде, анын баасын жарыялап, өткөрүп берүү актысын тиешеңе түрдө толтуруп берүүгө тийиш. (КР УДФ уставынан)