Publication Date:
7 октября 2025
Лимадагы дзюдо боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпионаты 2025
5–7-октябрь аралыгында Лима шаарында (Перу) дзюдо боюнча жаштар арасындагы Дүйнө чемпионаты өтүп жатат. Эл аралык аренада Кыргызстандын намысын сегиз спортчу коргойт.
Эркектердин курама командасы төмөнкү салмак категорияларында беттешет:
66 кг чейин — Адис Орозмаматов
73 кг чейин — Нурмухаммед Бакирдинов
81 кг чейин — Актилек Култаев
90 кг чейин — Данияр Мелисов
100 кг чейин — Эмирхан Жолдошказиев
Аялдардын курама командасын төмөнкү спортчулар көрсөтөт:
57 кг чейин — Жанар Жолдошева
63 кг чейин — Адина Кочконбаева
70 кг чейин — Алина Молдокулова
