Publication Date:
4 ноября 2025
Ислам Баялинов Париждеги ардагерлер арасындагы Дүйнө чемпионатында коло медаль жеңип алды
3-ноябрь 2025-жылы Парижде дзюдо боюнча ардагерлер арасындагы Дүйнө чемпионаты өттү, анда Кыргызстандын кыз-келиндер курама командасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу Ислам Баялинов 73 кг чейинки салмак категориясында (Veterans M2) коло медаль жеңип алып, мыкты натыйжа көрсөттү.
Коло медаль үчүн чечүүчү кармашта Баялинов Франциянын өкүлү Арно Гранте менен беттешти. Күчтүү жана техникалык таймашта кыргызстандык жогорку чеберчилик деңгээлин жана тактикалык тажрыйбасын көрсөтүп, ишенимдүү жеңишке жетти.
Бул жетишкендик кыргыз дзюдосунун өнүгүшүнө маанилүү салым жана өлкөнүн жаш спортчулары үчүн үлгү болуп калды.
